Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Ирандагы кыргыз дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тышкы иштер министрлиги мамлекет башчыга аймактагы кырдаал тууралуу маалымат берген. Өзгөрүп жаткан жагдайды эске алуу менен Президент тышкы иштер министрлигине Ирандагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
«Бул чаралар дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталат», – деп жазылат маалыматта.