КР Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаруу чечими боюнча өзүнүн жеке пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, бул күтүлгөн иш болчу деп билдирди.
«Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес. Адеп баштаганда эле биз алтыныбызды жеткирүүнүн жаңы каналдарынын үстүндө иштей баштаганбыз. Учурда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам», — дейт Акылбек Жапаров
Белгилей кетчү жагдай, Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарылгандан кийин кийин Кыргызстан алтынды дүйнөлүк баада сата албай турганы айтылууда.