Жапаров Садыр Нургожоевич — Кыргыз Республикасынын Президенти
Кичи мекени:
Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу айылы
1968-жыл, 6-декабрь
Билими: Жогорку.
1991 — жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жана спорт институтун аяктаган.
2006 — жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз — Россия Славян университетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1986–1987-жж. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;
1987–1989-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1989–1995-жж.Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;
1996–2000-жж. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасынын төрагасынын орун басары;
2000–2002-жж. «Гузель-МХААД» ЖЧК башкы директору;
2002–2005-жж. «Нурнефтегаз» ЖЧК башкы директору;
2005–2007-жж. КРнын III чакырылыштагы ЖК депутаты;
2007-2009-жж. КРнын Президентинин кеңешчиси;
2008–2009-жж. Улуттук коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары;
2009–2010-жж. КРнын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору;
2010–2013-жж. КРнын V чакырылыштагы ЖК депутаты;
2020-жылдын октябрынан тартып — КРнын Премьер-министри, КРнын Президентинин милдетин аткаруучу.
2021-жылдын 28-январынан тартып — КРнын Президенти.
Сыйлыктары:
2009 – жылы Сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
2010 — жылы “Сиңирген эмгеги үчүн” Россиялык Афганистан ардагерлер Союзунун атынан ( Афганистан ардагерлер Союзунун Россия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485 чечиминин негизиде) Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүк абалы:
Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы