Жапаров Теңиз Бөлтүрүк тууралуу: «Мен башында эле айтпадым беле»

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 158

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» Бишкектеги кеңсесин көчүрүү чечимин кабыл алып, башка имаратты кымбат баага ижарага алууну сунуштаган.

«Арендасы бир миллион доллардан төлөнөт. Анан аны ремонт кылып, эмеректерди алдырткан», — деди Жапаров.

Президент Бөлтүрүктүн ишиндеги чыгымдарга байланыштуу тергөөнү да эске салды. Анын сөзүнө караганда, кеңсеге алынган эмеректердин арасында 6 миң долларлык кресло да болгон.

Жапаров Бөлтүрүккө компаниянын каражатын үнөмдүү пайдалануу керектигин мурда эле эскерткенин билдирди.

«Мен сага башында айтпадым беле. Бул европалык компания эмес, жеке компания эмес. Бул жерде ар бир сомдун артынан издеп, сурап барышат дегем», — деди президент.

Жапаровдун айтымында, кийин Бөлтүрүк өзү да президенттин эскертүүсү туура болгонун айтып, кечирим сураган.

«Мен адам катары кечире берем. Бирок тергөө органдары кечирбейт», — деди Жапаров.

Президенттин Теңиз Бөлтүрүк тууралуу маегин толугу менен Али Токтакуновдун YouTube каналынан көрүүгө болот.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X