Жапон ишкерлери кыргыз сурьмасы менен кремнийин сатып алууга кызыкдар

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 81

Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алуу, тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Жапониядагы ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда жапон ишкерлери Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу билдиришти. Ошондой эле JKII компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы меморандумга кол коюу жараянын тездетүү маселеси каралды.

Марлен Маматалиев жапон компанияларын Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачууга, логистикалык борборлорду, кургак портторду жана заманбап терминалдарды курууга катышууга чакырды. Мындан тышкары, Toyota компаниясынын расмий борборун Кыргызстанда ачуу сунушун айтып, Mitsui O.S.K. Lines компаниясына Кыргызстан аркылуу өтүүчү эл аралык жүк ташуу каттамдарын өнүктүрүүнү сунуштады.Нет описания фото.

Төрага өлкөнүн экономикалык өсүшү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле энергетика, сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүү, агроөнөр жай, IT жана медицина тармактарындагы долбоорлорго жапон компанияларын тартуу маселелерин көтөрдү.

Ал эми жапон ишкерлери энергетика, логистика жана тоо-кен тармактарындагы мүмкүнчүлүктөргө, чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгышты.Возможно, это изображение один или несколько человек, помост, отдел новостей и текст

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын кеңейтүү жана мурда жетишилген келишимдерди конкреттүү инвестициялык долбоорлорго айландыруу зарылдыгы белгиленди.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X