Жапония Кыргызстанга эки мобилдик медициналык клиника берет
Бүгүн, 13-июлда Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.
Тараптар «Ала-Тоо» депутаттык тобунун Жапонияга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары боюнча пикир алмашып, анын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сөз кылышты.
Жолугушууда ошондой эле Жапония өкмөтүнүн гранттык жардамынын алкагында Кыргызстанга эки мобилдик медициналык клиниканы берүү маселеси көтөрүлдү. Бул көчмө клиникалар магниттик-резонанстык томография (МРТ), компьютердик томография (КТ), рентген жана ультраүндүк изилдөө (УЗИ) аппараттары менен жабдылары белгиленди.
Мындан тышкары, тараптар Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын, биргелешкен долбоорлорду жана алдыдагы пландарды талкуулашты.
Талайбек Масабиров акыркы жылдары Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, өзгөчө саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жана инфраструктура тармактарындагы өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын айтты.
Өз кезегинде элчи Хирано Рюити эки тараптуу келишимдерди өз убагында ратификациялап, кызматташтыкты өнүктүрүүгө туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди.
Белгиленгендей, эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында 2026-жылы Улуттук жүрөк хирургиясы борборуна заманбап медициналык жабдууларды, ал эми Республикалык онкология жана гематология борборуна эки санариптик маммография аппаратын жеткирүү пландалууда. Ошондой эле 2027–2028-жылдары Ош облустук клиникалык ооруканасына жана Ош облустук онкология борборуна жаңы медициналык жабдууларды алып келүү күтүлүүдө.
