Жарандар мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттери үчүн кенемте талап кыла алат
Кыргызстандын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жарандардын жана ишкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган Административдик ишмердүүлүк жана жол-жоболор жөнүндө кодекстин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, жарандар же бизнес өкүлдөрү мамлекеттик органдардын мыйзамсыз чечимдеринен, туура эмес аракеттеринен же аракетсиздигинен улам чыгым тарткан учурда кенемте талап кылууга укуктуу болот.
Долбоордо ошондой эле мамлекеттик органдардын жарандар же ишкерлер үчүн жагымдуу укуктук натыйжа жараткан мурдагы чечимдерин өз алдынча жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чектөө сунушталган.
Мындан тышкары, кодекске «унчукпай макулдук берүү» принцибин киргизүү каралган. Ага ылайык, эгер мамлекеттик орган мыйзамда белгиленген мөөнөттө чечим кабыл албаса, арыз канааттандырылды деп эсептелет.
Бул тартип улуттук коопсуздук, коргонуу, саламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы маселелерге колдонулбайт.
Министрликтин маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана жарандар менен бизнестин укуктук кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган.