Жарандарды документтештирүү иштери уланууда
Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынан жапа чеккен жарандардын документтештирүү иштерин каалбыныа келтирүүдө. Маалыматка таянсак, учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү ID-карта паспортторун даярдоого үчүн 47 арыз, 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 10 нике күбөлүгүн жана каза болгондугу жөнүндө 7 күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздар кабыл алынганы кабарланды. Аны менен катар «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан Максат айылындагы башаламандык учурунда айдоочулардын жоголгон документтерин калыбына келтирүү иштери да жүргүзүүдө. Учурда12 айдоочулук күбөлүктү жана автоунаалардын каттоо күбөлүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат дейт Каттоо кызматы.