Жарым жылда агрардык тармакка 6,8 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
2026-жылдын алгачкы алты айында мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында айыл чарба жана ишкерликти өнүктүрүүгө 6 млрд 781,7 млн сом бөлүнүп, 4 457 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Эң көп каржылоо «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасы аркылуу жүргүзүлүп, 3 846 насыяга 2,53 млрд сом багытталган. Ошондой эле агроөнөр жай комплексин кредиттөөгө 1,5 млрд сомго жакын, чакан жана орто ишкердикти колдоого 2,53 млрд сом бөлүнгөн.
Мындан тышкары, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, үрөнчүлүк жана питомник чарбасын колдоо боюнча жеңилдетилген насыялар берилип, эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорго 750 млн сом каржылоо каралган.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.