Жасалма диплом менен инспектор болуп иштеген эки жаран аныкталды

28-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 159

Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында эки инспектор жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Бул факт транспорттук прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ачыкка чыккан.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар жумушка орношууда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн. Анын негизинде алар транспорттук көзөмөл кызматына инспектор болуп кабыл алынган.

Бирок текшерүүдө алардын бул окуу жайларда эч качан билим албаганы жана тапшырган дипломдору жасалма экени расмий тастыкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документтердин жасалмасын жасоо») менен эки кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X