Жасалма кол тамгалар: Балыкчыда нотариус кармалды
Ысык-Көл облусунда жеке нотариус кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, Ысык-Көл облусунун Балыкчы нотариалдык округунун 1983-жылы туулган жеке нотариусу К.Ж.З. кармалды. Ал юридикалык кызмат көрсөтүү жана жарандык юрисдикция тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кармалган.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, шектүү нотариус өз кызыкчылыгын көздөп, мыйзамсыз баюу максатында кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштурганы аныкталган. Документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы белгиленди.
Маалыматка ылайык, бүтүм мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабарысыз жана анын катышуусусуз түзүлгөн. Натыйжада жабырлануучу өзүнө таандык мүлккө болгон менчик укугунан мыйзамсыз ажыратылган.
УКМК өлкө мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертип, ушундай учурлардан жабыркаган жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.
Жарандарды төмөнкү телефон номерлерине чалууга чакырат: +996 (3922) 51180, +996 555 540052.