Жаштар кыймылынын кеңсеси ачылды
Бишкектеги «Жаштык» аренасында Кыргызстан жаштар кыймылынын жаңы кеңсеси ачылды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, адМаният, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутаттар катышты.
Салтанатта Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров уюмдун алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди.
Калаанын мэри жаңы кеңсе жаштардын идеяларын ишке ашырууга, алардын мамлекеттик чечимдерге активдүү катышуусуна шарт түзөрүн белгиледи.