Жашыл чек ара: 100 млн сомдук бактардын 95 пайызы куурап калды

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116

Лейлек районунда «жашыл чек ара» түзүү үчүн бөлүнгөн 100 млн сомдун эсебинен отургузулган бак-дарактардын 95 пайызы куурап калды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында каралган иштер толук аткарылган эмес. Ошондой эле бак-дарактарды сугаруу системасы алдын ала пландаштырылган эмес.

Бул факты боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголду.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X