“Жашыл экономика” Кыргызстандын келечек жолубу?

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 238

Биз жашап жаткан XXI кылымда мамлекеттердин байлыгы мунайдын же газдын көлөмү менен эмес, таза суусу, таза абасы жана сакталган кооз жаратылышы менен бааланган жаңы доор башталды. Дал ушундай шартта Кыргызстан өзүнүн эң башкы артыкчылыгы болгон ак мөңгүлүү тоолорун жана суу ресурстарын кайрадан таанып, аларды экономикалык өнүгүүнүн негизги факторуна айландырууга аракетин кылууда.

Акыркы жылдары өлкөдө жашыл энергетика, экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын коргоо мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири катары да карала баштады. Аз күн мурда Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында курулган “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизди.

Долбоордун маанилүү өзгөчөлүгү энергияны өндүрүү менен катар сактоо мүмкүнчүлүгүнүн болушунда турууда. Мунун аркасында өлкөнүн гидроэнергетикага болгон көз карандылыгы азайып, энергия булактары диверсификацияланары айтылууда.

Президент өз сөзүндө суу ресурстарынын азайышы шартында күн энергетикасынын ролу өзгөчө өсүп жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө станциянын ишке кириши Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Долбоор толук ишке ашканда, анын жалпы кубаттуулугу 1900 мегаваттка жетип, өлкөнүн энергетикалык системасындагы эң ири объекттердин бирине айланат. Бул “Камбар-Ата” 2 ГЭСинин агрегатынан дагы чоң кубаттуулук.

Кубаттуулугу 175 мегаватт болгон станциянын биринчи этабына 131 миллион доллар инвестиция тартылып, жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт жаралды. Бул жерде негизги маселе инвестициянын көлөмүндө эмес, маселе Кыргызстан кандай экономикалык жолду тандап жатат дегенде турат.

Узак убакыт бою өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү негизинен кен байлыктарын иштетүү жана гидроэнергетикалык потенциалды пайдалануу менен байланыштуу болуп келди. Албетте бул тармактар дагы деле стратегиялык мааниге ээ. Бирок, дүйнөдөгү жаңы шарттар энергетикалык коопсуздук түшүнүгүн өзгөртүп жатат. Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн азайышы жана суу ресурстарына болгон керектөө күчөгөн сайын бир гана гидроэнергетикага таянуу келечекте кошумча тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн болууда.
Кыргызстан үчүн бул өзгөчө актуалдуу маселе. Анткени, өлкөнүн башкы байлыгы болуп саналган мөңгүлөр акыркы ондогон жылдарда тездик менен азаюуда. Илимий байкоолор климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири күчөп жатканын көрсөтүп келет. Эгер бул тенденция улана берсе, келечекте суу ресурстарынын көлөмү да өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн. Жашыл экономика жаратылыш ресурстарын сактоо менен бирге туруктуу өнүгүүгө жетишүүнү максат кылаарын билген өлкөлөр ушул багытка азыртан өтүүдө.

Мына ушундай шартта биз дагы күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү жөн гана экономикалык долбоор эмес, улуттук коопсуздук маселесине да айланып баратканын сезүүдөбүз. Анткени, энергетикалык көз карандысыздык мамлекеттин туруктуулугунун негизги факторлорунун бири болуп саналат. Энергиясыз азыр эл дагы, мамлекет дагы эч кыймыл кыла албайт. Чындыгында, Кыргызстан үчүн тоолор менен мөңгүлөр экологиялык гана эмес, экономикалык ресурс болуп эсептелет. Борбор Азиядагы негизги суу ресурстарынын башаты болгон өлкө, аймактын азык-түлүк коопсуздугуна, энергетикалык тең салмактуулугуна жана экологиялык туруктуулугуна түздөн-түз таасир эте алат. Демек, мөңгүлөрдү сактоо – бул келечектеги экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сактоо дегенди
билдирет.

Ушундай шартта Президент Садыр Жапаров тоо экосистемаларын, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо маселесин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багытына айландырууда. Эл аралык аянтчаларда бул теманы тынымсыз көтөрүп, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө бурууда. Анткени, тоолорду коргоо билгенге бир эле Кыргызстандын эмес, жалпы кошуна өлкөлөрдүн келечегин коргоо дегенди билдирип бара жатканы ачуу чындык болууда.
Ушул өңүттөн караганда, жашыл экономика Кыргызстан үчүн альтернатива эмес, зарылчылык болуп калды. Анткени, өлкөнүн эң чоң артыкчылыгы жер астындагы кендерде гана эмес, анын табигый экосистемасында туруп, таза суу, таза аба, кеңири жайыттар, биологиялык ар түрдүүлүк жана уникалдуу тоо ландшафттары дүйнөдө барган сайын кымбаттап жаткан ресурстарга айланууда.

Дал ушул себептен улам эл аралык каржы институттары дагы Кыргызстандагы жашыл реформаларга кызыгуу көрсөтүүдө. Дүйнөлүк банктын көмүр кычкыл газын азайтуу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү максатында 50 миллион долларлык грант бөлүү чечими, өлкөнүн бул багыттагы аракеттерине берилген ишенимдин белгиси десек болот.
Бүгүн дүйнө жаңы доорго кадам таштады. Бул доордо мамлекеттер жаратылышты канчалык сактай алганына жана ресурстарын канчалык акылдуу пайдалана алганына жараша атаандашат. Кыргызстан үчүн мындай мүмкүнчүлүк бар. Тоолор, мөңгүлөр, суу ресурстары жана кайра жаралуучу энергия булактары өлкөнүн келечектеги экономикалык артыкчылыгы болуп калышы мүмкүн.

“ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын ишке кириши ушул жолдогу дагы бир маанилүү кадамы катары ал Кыргызстандын өнүгүүнүн жаңы моделине өтүп жатканын көрсөткөн символдук долбоор болуп калды деген ойду айткым келип турат.

Бул жерде дагы Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик көз карашы айкын көрүнүп турат. Ал бүгүнкү күндүн маселелерин гана эмес, ондогон жылдардан кийинки чакырыктарды да алдын ала көрө билген саясатчы катары Кыргызстанды жаңы өнүгүү жолуна багыттап жатат. Тоолорду сактоо, мөңгүлөрдү коргоо, сууну үнөмдөө жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча демилгелер өлкөнүн келечектеги атаандаштык артыкчылыгына айланышы мүмкүн.

Кыргызстан акырындап өзүнүн эң чоң байлыгы болгон жер астындагы кендерден тышкары тоолору, мөңгүлөрү, токойлору, суулары мамлекеттин жаңы капиталына айланууда.
Мына ушул себептен жашыл экономика бүгүн жөн гана мамлекеттин тумар тутуп сактай берген экологиялык түшүнүгү эмес, Кыргызстандын улуттук өнүгүү стратегиясы, элдин ден соолугун сактоонун жолу жана мамлекеттин келечектеги экономикалык кубатынын булагы болуп каларын сезе баштады. Ал эми бул багыттагы саясат Президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн эртеңки күнүн ойлогон, дүйнөлүк тенденцияларды туура баамдай алган жана келечекти көрө билген мамлекеттик ишмер катары калыптанып жатканын дагы бир жолу көрсөтүүдө.

Күнболот Момоконов

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X