"Эркин-Тоо"

Жашыруун иштеп келген казино аныкталды — ФОТО

Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө чаралары Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин («Мыйзамсыз ишкердик») негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөрүлдү.

Көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору 17-мартта кармалды. Аталган жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттеринен түшкөн 200 миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды.

Аны менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга тиешеси бар деп шектелип, буга байланыштуу алардын өздүгүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!