"Эркин-Тоо"

Жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталды.

Айрым ишкерлер Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөй, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонушкан.

28-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш, күмүштөн жасалган зер буюмдар табылды. Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынган.

«Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өлкө рыногуна жасалма үлгүдөгү зер буюмдардын олуттуу көлөмү чыгарылууда, бул өзгөчө ири өлчөмдө милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууну билдирет. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!