ЖАЗ ЖАКЫНДАДЫ, КАМЫЛГАЛАР КАНДАЙ?

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Эркин Искеновдун билдиргендерине караганда “Чоң Бактыгул” каналынын алдындагы ички чарбалык субьектилер ушу кезге дейре айыл өкмөтүнүн балансысында болгондуктан, тап-такыр эле каралбай калган. Мунун кесепетинен суунун жоголуусу чоң эле. Андыктан ушул кемтиктердин баарысы ирээтке келтирилгенден тышкары 6840 метр куб суу жээгине бетон төшөлмөлөрү жаткырылды. Быйыл дагы 4500 метр кубунда ушундай эле жумуштар жасалмакчы. Ошондой эле алдыдагы өнөктүккө даярдык көрүүнүн чектеринде алты суу бөлүштүрүүчү жай жана үч көпүрө курулду. Суу насос станцияларындагы көйгөйлөр жыл сайын өрөөндүн ирригациясына каралган 20 миллион сомдун эсептеринен четинен чечилүүдө.

Ал эми Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын суу пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Т. Төлөбаевдин айтымында Минисрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык, муниципиалдык менчиктеги жана ээси жок ирригациялык каналдар Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын балансысына өткөрүлдү. Натыйжада аталган мекеменин тейлөөсүндө учурда каналдар менен бирге 163 суу бөлүштүрүүчү курулмалар, 96 көпүрө, 11 БСР жана БДР, 41 скважина, эки суу насос станциясы бар жана алар алдыдагы талаачылык өнөктүктөрүнө даяр.

Жумгал районундагы жаңы сугат жана ирригация системалары негизинен “Теңир-Тоо” жана Жумгал районун өнүктүрүү фонддорунун каржылык колдоолорунун аркасында бүткөрүлдү. Алсак, төрт миллион 722 миң сомго “Айдарбек” каналынын 500 метрине, үч миллион 453 миң 500 сомго “Мойнок” каналынын 650 метрине темир бетон төшөлдү. Ошондой эле кошумча бөлүнгөн 10 миллион 338 миң 600 сомго “Бел-Арык” каналы бүткөрүлөт. Жогоруда аталган фонддор тарабынан жалпысынан 29 миллион 481 миң 600 сом чегерилип, бир БСР тазаланды жана узундугу үч чакырымдан ашыгыраак каналдын жээктери бетондолду. Ошону менен бирге эле быйыл биринчи жолу тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы колдонулмакчы.

Жазга камылгалары кабелтең Кочкор районунда быйыл башкы басым Көл-Үкөк көлүнөн сифон системасы аркылуу суу алууга жасалат. Жалпы курулуш монтаждоо жумуштары 553 миллион 377 миң 360 сомго бааланган аны бүткөрүп берүү милдети Жалал-Абад СМУ ТТ” компаниясына жүктөлгөн. Бүгүнкүгө тоо арасында узундугу 20 чакырым жол жасалды жана 14 көпүрө орнотулду. Тоо үстүндөгү Көл-Үкөк көлүнүн ылдый аккан суусу көбүнэсе текке кетет. Анткени, ал кышкысын катуу тоңгондуктан, жаз келээри менен эле эрибей, Кочкор районунда алгачкы сугат мөөнөтүнөн бир топ эле кечигет. Андыктан анын түбүнө атайын түтүктөрдү жаткыруу менен сифон системасы аркылуу сууну агызуу маселеси жаралып, ага капиталдык салымдардын эсебинен 70 миллион сом чегерилген. Андагы жумуштардын аякташы менен мында 25 миллион метр куб суу тополмокчу, ошого жараша кошумча 1700 гектар жерге сугат суулары кең-кесири жеткирилет.

Эгер Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Азат Бекбовдин маалыматтарына таянсак, мекемесинин карамагында беш суу насос станциясы, 19 агрегат жана башка дагы ондогон гидро курулмалар бар. Баарысы тең жакындап калган жазга даяр. Ошондо быйыл беш миң гектар аянтты ным менен камсыздоодо олуттуу маселелер жаралбайт. Бактыга жараша бул жолу кар да калың түшүп, сугат сууларынын мол болооруна үмүт пайда кылды. Бирок жаратылышка ишене беришпеген нарындык ирригаторлор 12 миллион 398 миң 600 сомдук оңдоп-түзөө жана жаңыртуу иштерин аркалашты. Мисалы, “Он-Арча-1” станциясынын эки ротору алмаштырылса, “Кажырты” обьектисинде бир жаңы насостук агрегат орнотулду. Ушул сыяктуу жумуштар “Он-Арча-2,” “Конезавод,” “Кээден” суу насос станцияларында да аткарылды.

КОРОМЖУЛУККА  БӨГӨТ

Өткөн жылы теңир тоо жергесиндеги суу чарба обьектилерин оңдоого жана калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 90 миллион сом каралган.  Бул сумманын баарысы тең өздөштүрүлгөндүктөн, сугат суулары менен камсыздоодо бир кездегидей оош-кыйыштар орун албайт. Ошондой эле ирригациялык жаңы технологияларды колдонуу да жайылтылууда.

Европа өлкөлөрүндө өтө популярдуулукка ээ бетон төшөлмөлөрү алыскы Ак-Талаа районундагы “Эреки” каналына жаткырылган. Узундугу төрт чакырым анын кызматынан Баетов айылындагы 300 гектар айдоо аянттарынын ээлери пайдаланышат. Бирок эскилигинен мындагы суу чоң жоготууларга учурап, талап кылынган көлөмдүн тең жарымы араң жетчүү. Андыктан ирригациядагы бул жаңылык сыноо ирээтинде дал ушул обьектиге төшөлдү. Мындагы бетон төшөлмөлөрү  17 миллион 700 миң сомго алынып, ал үч чакырымга жетти. Ал эми алардан чыккан калдыктар ташталбай, айрым участкалардагы оңдоп-түзөө жумуштарына колдонулду.

Ал эми Нарын районунда бетон төшөлмөлөрү Кара-Чий айылындагы “Кызыл Жылдыз” каналына жаткырылды. Узундугу 27 чакырымга барабар ал дароо үч чоң айылдын керектөөлөрүнө жарайт. Өткөн кылымдын 60-жылдарында салынгандыктан, анын да эскилиги жетип, суунун көбү жерге сиңчүү. Мындай жагымсыздык ушул обьектинин жээгиндеги калктуу пунктка да терс таасирин тийгизип, короо-жайлар акырындык менен сазга айлана баштаган. Жергиликтүү ирригаторлордун пикирлеринде бетон төшөлмөлөрүнүн колдонулушу табияттын бул көрүнүшүн токтотууга өбөлгө.

Эгер Сары-Өзөн Чүйдө  бетон төшөлмөлөрүн чыгаруучу ишкананын курулушунун башталгандыгын көңүлгө түйсөк, өлкөбүздүн бардык аймактарында сугат сууларынын коромжуга учуроосу алда канча азаяры күтүлөт.

КУПУЛГА  ТОЛГОН  КУРУЛУШТАР

Теңир тоо жергесиндеги кышкы суукка байланыштуу иштери убактылуу токтотулган курулуш объектилеринде кайрадан жандануулар байкалууда. Алардын басымдуу бөлүгү климаты анча катаал эмес Кочкор районуна таандык.  Алгачкы дыңы бузулган үч айдан бери аталган өрөөндүн эли чыдамсыздана күткөн спорт комплекстин азыркы жагдайына караганда, эмгек ыргагы анча жаман эместей. Тескерисинче ушул обьектини сүйүктүү өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгында пайдаланууга берүү милдети жүктөлгөн “Строй электро” фирмасындагылар бүгүнкүгө жалпы иш көлөмүн оор тапандап коюшкан. Кырдаалдын мындай жагымдуулугуна курулуш монтаждоо жумуштары 200 миллион сомго бааланган обьектини каржылоодо жана керектүү материалдар менен камсыздоодо үзгүлтүктөрдүн жоктугу себеп. “Азыр курулуштун экинчи этабындабыз,”-дейт фирманын жетектөөчү адиси Акбараалы Сакапбаев. Анын чектеринде металл конструкцияларын монтаждоо жана орнотуу жумуштары жасалмакчы.”

Негизи өлкөбүздө курулуш кеңири кулач жайганы ушу кезге дейре машакаттуу маселелерден саналган жумушсуздукту кандайдыр бир өлчөмдө ооздуктоого мүмкүнчүлүктөр жаралды. Айрыкча, аргасыздан мигранттык тагдырга моюн суна баштаган жашатардын көктөн издегендери жерден табылып, өз адистиктеринде эмгектенишүүдө. Алардын бири Бекмырза Надырбеков Кочкор райондук ооруканасынын курулушунда иштеп, тапкан маянасынын турмуш тиричиликтерине кең-кесири жеткендигине ыраазы. Өзү менен бирге дагы беш курбусу бар. Алар өз салымдарын кошуп жатышкан курулуш обьектисине мамлекет казнасынан жарым миллиард сомдун чегерилээри белгиленген. Ал эки корпустан жана дарыгерлер үчүн 10 батирлүү үйдөн туруп, Нарын облусунун дарбазасынан эсептелген Кочкор районун ого бетер көркүнө чыгармакчы. Ал эми жакын арада өз эшигин ача турган Ишенаалы Арабаев атындагы жалпыга билим берүү мектеби дүйнөлүк стандарттарга шайкеш жасалгандыгы менен өзгөчөлүү. Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаевдин айтымында, өткөн жылы аймактагы курулуш иштерине бир миллиард 50 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада дароо беш мекеменин имараттарга муктаждыктарын канааттандырууга ишенимдүү мүмкүнчүлүктөр жаралып отурат.

Дегинкиси, акыркы кездери Нарын облусунда курулуш тармагы кеңири кулач жайып, жылына ондон кем эмес обьектилерди пайдаланууга берүү жакшы адатка айланган. Бул салт быйыл да бузулбай, ар кандай багыттагы отузга жакын имараттар салынууда.

Бөлөкбай  ШЕРИМБЕКОВ,

Кочкор району

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X