Жаздын акыркы айы жаркын окуяларга бай болот
Май айы астрономиялык окуяларга бай болору айтылууда. Эл аралык Күн коомунун Европа бөлүмүнүн маалыматына ылайык, май айындагы негизги астрономиялык кубулушу – 28-майга чейин созулуучу жылдыздардын жамгыры. Айдын башынан бери асманда саатына 30га чейин метеорду, ал эми 5-майдан 7-майга чейин саатына 50гө чейин метеорду көрүүгө болот.
Мындан тышкары, 26-майда Айга байланыштуу перигей, толук ай жана толук тутулууну байкаса болот.