Жазгүл Карбосова, “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору: “Бул кубанычтуу жаңылык күтүүсүз болду”

Бүгүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган мамлекеттик социалдык буйрутма сынагына “Үй-бүлө институту” долбоору менен катышып, “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити жеңүүчү болуп, бир миллион сомдук байгени утуп алды.

“Бул кубаныч, биринчиден, күтүүсүз болду. Экинчиден, 1991-жылдын 1-июлунда түзүлгөн “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин туулган күнүнө туш келгени да бизди кубандырды. 35 жылдык мааракебизге улай мамлекеттин колдоосундагы сыйлыкка ээ болуп жатканыбызга ыраазыбыз. Эми бул каражатты максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга аракет кылабыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз”, — деди “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору Жазгүл Карбосова.

Кесиптештер, сыйлык кут жана жуп болсун!

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X