Жазуучу, коомдук ишмер Абдымамбет САРИЕВ: “БИЗ ДИНИЙ РАДИКАЛДУУ ЭРЕЖЕЛЕРГЕ ЭМЕС, УЛУТТУК САЛТЫБЫЗГА, КОНСТИТУЦИЯГА ЖАНА МЫЙЗАМДАРГА БАШ ИЙИШИБИЗ КЕРЕК”

— Абдымамбет мырза, өткөндө Президент баш болгон мамлекет жетекчилигине дин чөйрөсүнө байланыштуу Кайрылуу жасадыңыз эле, ага эмне себеп болду?
— Жазуучулар, акындар, журналисттер илгертен эле элден алып, кайра өз чыгармалары же макалалары аркылуу кайра эле ошол элге берет. Анын сыңарындай ал кайрылууну азыркы учурдагы диний абал боюнча адамдардын бардык жерлерде тынчсыздануу менен айтып жаткан ойпикирлери, сунуш-талаптары топтолуп, Өлкө бийлигине карата жасаган элдин Кайрылуусу катары кабыл алганыбыз оң.
— Сиздин оюңуз боюнча биздеги диний кырдаал канчалык кооптуу жана аны сиз эмнеден көрүп жатасыз?
— Мен эл аралап жүрүп угуп, көрүп, анын негизинде азыркы учурдагы диний кырдаал боюнча жазып келем. Аны окуган айрым динчилдер, «бул динди жакшы билбейт, ошондуктан ушинтип жаза берет» деп ойлошот. Мен кезегинде беш маал жана күндүзгү жана түнкү нафил намаздарын окуп, азан айтып элди намазга жыккан адаммын. Куранды окуп, хадистерге комментарий жасап диний фанат болгом… Бизде 1995-жылдан бери салттуу ислам четке кагылып, Кыргызстандагы мечиттерди, диний жайлардын көбүн чет мамлекеттердеги ар кандай фонддордон, уюмдардан каражат алган радикалдык багыттагы агымдар, секталар ээлеп алды. Мисалы, бизде жактоочулары аз эмес «Таблиги жамаат» диний уюмун 1927-жылы англичандардын чалгынчысы, подполковник Эдвард Лоуренс Индияда түзүп, кийин штаб-квартирасы Пакистанга көчкөн. Мухаммед САВдын аялы Хадичанын мүрзөсүн талкалап, пайгамбарга шакирттери ант берген зор даракты кыйган Мухаммед ибн Абд-уль-Ваххабдын мураскорлору англичандардын кийгилишүүсү менен 1927-жылы Саудияга ваххабизмди официалдуу дин кылууга жетишкен.
Кыргызстандагы радикал исламчылар чет жактан каражат алып, кубаттуу мамлекеттердин элди бөлүп-жарып, куралсыз эле багындыруучу динийдиверсиялык күчтүү куралына айлануусуна жол бербешибиз керек. Чет жерден азыктанган укук коргоочулар болобу же диний лидерлер болобу Кыргызстанда кандайдыр бир маанилүү мамлекеттик маанидеги маселелер болгондо дароо бириге калышып, динчилдери, «дин тутуу эркиндигин» укук коргоочулары болсо «адам укугун, сөз эркиндигин, демократияны» бетке кармашып, бир муштум боло калышкандыгынан бейөкмөтчүлөр менен динчилдердин кожоюну бир экендигин байкоого болот. Алар Казакстандагы январь окуясында кошуналарга армия жибербегиле деп Кайрылуу жасашып, Ак Үйдүн алдына пикетке, митингге чыга калышканын көрдүк. Конституция боюнча Кыргызстандын атынан Президент жана Жогорку Кеңеш гана сүйлөөгө укуктуу. Азыр салттуу исламдан четтеген, мыйзамсыз диний топ түзүп уюшкан радикал исламчылар интернет тарамдары, уюлдук телефондор менен өз ара байланышып жатышкандыгы эл арасында айтылууда. Алар бардык аймактарда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын башындагы 5-6-абзацындагы; «атабабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап: «Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп;» деген жана 1., 9., 21-беренелерин тоотпой, дин тутуу эркиндигин тастыктаган 34-беренени бурмалашып, кыргыздын салтына, Конституцияга жана аракеттеги мыйзамдарга каршы ар кандай акцияларды жасашууда. Мамлекеттик мекеме болгон билим берүү тармагына хиджаб аркылуу чабуул коюшуп, бюджеттен каржыланып, элдин кубанычына ылайык жасалган майрамдык балатыны өрттөтүшүп, өз билгендерин кылып жатышат.
Коңшу өлкөдөгү январь окуясында талап-тоноочулар, талкалоочулар сырттан келген эмес. Алар Пакистан жана башка жактарга давааттын шылтоосу менен барып, жашыруун аскердик даярдыктан өтүп, ыңгайлуу учурду күтүп турган өз жарандары – «спящий ячейкалар». Азыркы учурда бизде дагы давааттын шылтоосу менен аймактардагы таалим үйлөрү аркылуу аялдарды, жаш балдарды өзүлөрүнө тарткан радикалдуу агымдар жайнап кетти.
— Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары жалпы жагдайга көз салбай жатабы?
— Радикал исламчылар куранды, шариятты бетине кармап кыргыздын салты менен мыйзамды айткан айыл өкмөтүнүн башчысыбы, акимби, мугалимби, врачпы, депутатпы, министрби, милициябы ким болсо да «баптиссиңби, калмаксыңбы, теңирчисиңби?» деп дароо ооздорун жаап, бардык жерде өз бийликтерин жүргүзүп, элге кожоюн болууга өтүштү. Алар «мени, мусулман эмес экен дебесин» деп чочулап, сабатсыз молдо эмне десе да ошого макул болуп баш ийген процесс башталып, байкалбаган «спящий ячейкалар» пайда болууда. Радикал исламчы менен момун мусулмандын айырмасын билбегендер эл арасында толтура… Тактап айтканда өлкөбүздө элди сестендирип, кооптондурган эч кимге баш бергиси келбеген динчилдердин көзгө көрүнбөгөн, кагазга жазылбаган бийлиги пайда болуп жатат. Эгерде радикалдык агымдагылар мындан ары ушундай тейде кете берсе алардын банктардагы ж.б. булактардагы эсеп-кысаптарын текшертип, чет мамлекеттерден алган каражаттарын кандай пайдалангандарын тактабаса булар жаш балдарды, аялдарды диний фанатка айландырып, санын көбөйтүп туруп, «мобул талабыбызды аткаргыла! же «эми биз бийликти алышыбыз керек!» деп Ак Үйдүн алдына жайнап чыкса, диний-жарандык чыр-чатак башталса, элдин, мамлекеттин келечеги кандай болот? Динийжарандык согуштан кийинки Ливиянын, Сириянын, Ирактын, Оогандын кебетесин кийгенден Кудай сактасын. Бул маселе жалаң эле мени эмес, карапайым жалпы элди кооптондуруп турат… Биз тынч, ырыс-ынтымакта салт менен жашап, динчилдердин бийлигине эмес, Конституциябыздагы башкаруу бийлигине, мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине, Сот бийлигине баш ийишибиз керек!
— Сиз дайыма, «динден кыргыздын каада-салтынын эрежелери өйдө» деп келесиз. Мына ушуну кыскача чечмелеп бересизби?
— Мен жалаң эле ислам эмес, дүйнөдөгү диндердин, секталардын, агымдардын тарыхын, пайда болуу себептерин, жаш курактарын, эскирип пайдалануудан чыгып калгандарын жана башкаларды чамамдын жетишинче иликтеп келем. Алардын ичинен азыр бир топ өлкөлөрдүн элдери колдонгон христиан, ислам диндерин алсак, башаты семит элдерине таандык христиан дининин жашы 2020 жылдын тегерегинде болуп, дүйнөгө кандуу крест жортуулу жана миссионердик жол менен тараган. Ал эми кайра эле башы семит элдерине таандык ислам дининин жашы 1500 жылдын тегерегинде болуп, дүйнөгө кандуу ыйык газават жана дервишчиликмиссионердик жол менен тараган. Бул эки динде тең бузулуп жок болууга аз калган, адамдык сапаттан ажырап бараткан өз элдерин тарбиялоонун эң негизги каражаты — тозок менен коркутуу, бейиш менен сыйлоо болуп (Библия менен Куранды окугандар билет) эсептелет. Биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын тарыхый фактыларга таянып белгиледик. Мамлекет түзүп, жазуу-сызууга ээ болгон, түптөлгөн армиясы бар, кыргыз элинин бузулуп кетүүсүнө жол бербеген: «Уят болот, бул жакшы, бул жаман, минтсең убал болот, намыстуу бол, элди-жерди сүй, улууну сыйла, аял затына урмат кыл, меймандос, айкөл, берешен бол, жети ата өтмөйүнчө тууганыңа үйлөнбө, жакшылыкты милдет кылбай жаса…» жана башка миңдеген чектөөлөрү, тыйымдары бар. Мына ушундай эрежелерге ээ болгон, жараткан Кудайдын эркине ылайык жашоотурмуш курганга ылайыкталган, тарбиясы катуу кыргыздын улуттук каада-салты динден өйдөбү же төмөнбү? Бул суроого жалпы эл өзү калыс болсун…
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№9 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-февралы