Жеңиш күнүнө карата балдар үчүн онлайн конкурс өткөрүлөт

9- май  Жеңиш күнүнө карата Бишкектеги  Свердлов акимиатында эң мыкты кутуктоо боюнча онлайн сынак башталат. Бул сынакка жашы 18 ге чейинки балдар үч наминация боюнча катыша алат:

Эң мыкты сүрөт;

Эң мыкты видео кутуктоо;

Эң мыкты автордук кутуктоо

Конкурстун катышуучулары Свердлов райондук администрациясынын Facebook баракчасына катталышы керек. Куттуктоолор жана билдирүүлөр WhatsApp  тиркеме аркылуу: 0558 773 703 кабыл алынат. Эмгектерди баалоо соцалдык баракчалар аркылуу аныкталып, эң көп «лайк» жана «репост» алган катышуучулар жеңүүчү деп эсептелинип анын ичинен үч номинация боюнча баалуу белектер даярдалганын Бишкек мэриясынан кабарлашты. Добуш берүү 7-май күнү саат 15:00дө аяктап, жыйынтыгы ошол эле күнү чыгат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X