Жеңишбек АСЫЛБЕК, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими: “ЛЕЙЛЕКТЕ ИРИ ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШУУДА”
Лейлек району Тажик Республикасынын бир катар район – шаарлары менен чектешкен өзгөчө стратегиялык аймак. Аталган райондун акими Жеңишбек Асылбектин айтуусунда бир эле айыл чарбасында эле эмес, өнөр жай тармактары, калкты таза суу менен камсыздоо багытында да олуттуу жылыштар болуп, жылдын жыйынтыгы менен Лейлек району өлкөдөгү эң мыкты район деп табылды. Учурдан пайдаланып, райондун акими менен ат жалында маек уюштурдук.
– Жеңишбек мырза, Лейлек району өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө биринчиликти алды. Бул ийгиликтер чек болбосун. Ийгиликтер менен кошо райондо бир катар өндүрүш ишканалары пайдаланууга берилди. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
– Туура, өткөн жылы биздин райондо жалпысынан 42 юридикалык, 306 ишкерлик субъект, мындан тышкары, 14 жаңы ишкана пайдаланууга берилди. Натыйжада, 500гө жакын жумушчу орундар түзүлдү. Алардын баарын айтпасам да негизгилерине токтолоюн: Кулунду айыл аймагында 2 жаңы көмүр өндүрүүчү ишкана ачтык. Мындан тышкары, ошол эле айыл өкмөттүн Булак-Башы айылында жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашуун акчага Газоблок заводу курулду. Албетте, мындай ири өндүрүш ишканаларынын пайдаланууга берилиши менен райондун экономикалык көрсөткүчтөрү дагы өсөт.
Алдыда, Раззаков шаар мэриясынын аймагына таштандыларды сорттоочу цех, Кулунду айылына сметалык баасы 80,0 млн сомдук муниципалдык базар куруу, Лейлек Эркин Экономикалык Аймакка инвесторлорду тартуу максатында 11,5 млн сомго инфраструктурасын чыңдоо жана Кулунду айыл аймагына инвесторлордун эсебинен 100 млн сомго көмүр брекетин иштеп чыгаруу заводун куруу иштери башталгандыгын эске алсак, районубуз өнүгүүнүн жаңы этабына кирди.
Буюрса, бул ири долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү программасынын алкагында, мамлекет тарабынан каржылар бөлүнгөн. Учурдан пайдаланып, өлкөнүн эң алыскы аймагы Лейлек районун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган, Президентибиз Садыр Нургожоевичке элибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем. Мындай дегеним, өнүгүү өнөр жай тармактарында эле эмес, айыл чарбасында да башталып, ирригация тармагында ири долбоорлор ишке ашканы турат.
Лейлекте суу жетпеген дың жерлерибиз көп. Бүгүнкү күндө, сугат айдоо жерлерин көбөйтүү, дың жерлерди өздөштүрүү жана суу жетпеген сугат суу жер аянттарына суу жеткирүү максатында бир топ долбоордун сметалык документтери даярдалып, аларды ишке ашыруу боюнча кызуу иштер жүрүүдө. Алардын бири, 2026-жылы Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылына сыйымдуулугу 300,0 миң кубдук суу сактагычынын долбоордук сметалык документтери Кулунду айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен каржыланып, учурда Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине өткөрүлүп берүү алдында турат. Биз дың жерлерди өздөштүрүүдө ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңири пайдаланабыз. Кең талааларды тамчылатып сугаруу аркылуу агын сууларды үнөмдүү пайдаланууну колго алдык. Бүгүнкү күндө Арка өрөөнүндө ондогон гектар жерлерге бак-дарактарды өстүрүп, аларды тамчылатып сугарууга өткөрө баштадык. Өзгөчө белгилеп кетүүчү дагы бир жагдай, Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 2026-жылы жер астынан суу чыгарып, (скваженаларды) сугат суу менен камсыз кылууга көңүл бурулат. Мындан тышкары, Арка өрөөнүнө суу жеткирүү үчүн дюкер куруу иштерине 1 этапта жалпы сууну бөлүштүрүүчү головнойдон 5446 метр канал курулуп, ошого удаа эле, 2235 метр тоннель казуу иштери жүргүзүлүүдө. 3 этап менен Жаңы-Жер айыл аймагына 31 чакырымдык канал курулат. Баул айылындагы сыйымдуулугу 100 миң куб болгон суу сактагычты 150 миң кубга жеткирүү үчүн 26 млн сомдук каражат бөлүнгөн. Буюрса, күз айларында курулуш иштери башталат. Лейлек айыл өкмөтүндөгү Кара-Мойнок суу сактагычы облустук суу чарба башкармасынын балансына алынды. Буга чейин каражат жетишпей, сыйымдуулугу 500 миң кубдук суу сактагычка оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлбөй келген болсо, эми бул суу сактагычка дагы олуттуу көңүл бурулат. Натыйжада, тазалоо, оңдоп-түзөө иштери өз учурунда жүргүзүлүп, айыл калкынын агын сууга болгон муктаждыктары чечилет.
Калкты таза суу менен камсыздоо багытына да токтоло кетсем, райондо 39 айыл таза суу менен камсыз болгон. Ал эми 10 айылда таза суу системасы жок. Жалпылап айтканда калктуу пункттардын дээрлик 65 пайызы таза суу менен камсыздалган. Лейлек районунун айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 1 шаар, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 10 айыл, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 3 айылга таза суу жеткирүү пландалган болсо, республикалык бюджеттин эсебинен 4 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда. Анын ичинен көп жылдардан бери көйгөй болуп келген райондун борбору Раззаков шаарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Европа өнүктүрүү банкы тарабынан таза суу системасын реабилитациялоо долбоорун жүргүзүүгө 1,6 млн евро кредит, 2,4 млн евро грант, жалпы 5,0 млн евро бөлүнүп, таза суу долбоору ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө, бул долбоордун 90 пайызы аткарылып, курулуш иштери жүрүп жатат. Буюрса жакынкы жылдарда Лейлек районунун калкын толук таза суу менен камсыздоо ишин аягына чыгарабыз деген максаттарыбыз бар.
Адылбек Акматов