Жээнбек Кулубаев БУУда ортомчулук жана тынчтык жолу менен талаштарды жөнгө салуу маселесин көтөрдү

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

1-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясында “Талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүдө, чыр-чатактардын алдын алууда жана жөнгө салууда ортомчулуктун ролу” аттуу дебаттарда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сөзүндө министр коопсуздукту чыңдоо боюнча аймактык аракеттерге токтолуп, Борбор Азия мамлекеттеринин чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу багытындагы жетишкендиктерин өзгөчө белгиледи.

Башкы Ассамблея региондогу өлкөлөрдүн бул багыттагы ийгиликтерин жогору баалап, “Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу” аттуу резолюциянын бир добуштан кабыл алынышы мунун айкын далили экенин көрсөттү.Возможно, это изображение отдел новостей и помост

Жээнбек Кулубаев жогорку трибунадан Кыргызстан тынчтыкты, өз ара ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эл аралык аракеттерге активдүү катышууга даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле ал өлкөнүн бул багытта жетиштүү практикалык тажрыйбасы бар экенин айтып, аймакта колдонууга сунушталган конкреттүү иш-аракеттер программасын сунуштап жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X