Жээнбек Кулубаев Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту.

ТИМдин маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар мамлекет башчыларынын, өкмөттөрдүн жана тышкы саясий мекемелердин деңгээлинде жетишилген макулдашуулардын аткарылышы боюнча пикир алышты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү багыттары каралды.

Жээнбек Кулубаев элчи Рапиль Жошыбаевдин Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө оң баа берип, кыргыз-казак мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рапиль Жошыбаев Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Министр өз кезегинде Казакстан тарапка Кыргызстандын БУУдагы шайлоо өнөктүгү маалында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чара соңунда Жээнбек Кулубаев Рапиль Жошыбаевди эки өлкөнүн достук жана жакшы коңшулук мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн» ведомстволук медалы менен сыйлады.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X