Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри менен кызматташуу багыттарын талкуулады

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен кыргыз-кипр мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушуу 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү.

Тараптар саясий диалогду үзгүлтүксүз жана мазмундуу улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Кыргыз тарап эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультациялардын биринчи айлампасын өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелери каралды.

Айрыкча инвестиция, туризм, айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташуу талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Европа Биримдиги менен мамилелери жана Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо маселеси сөз болду.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Кипр тарапты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине — «Бишкек +25» иш-чарасына катышууга чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X