Жээнбек Кулубаев кыргызстандыктарды мекенинде иштөөгө чакырды

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтып, өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы менен жаңы жумуш орундар түзүлүүдө. Бирок ошол эле учурда электрчи, сантехник, токарь, жыгач уста сыяктуу адистер чет өлкөлөргө, анын ичинде Германияга иштегени кетип жатышат.

«Темир жол, ГЭС курулуштары үчүн бизге өзүбүздүн адистер керек. Учурда экскаватор айдоочулар менен трактористтер 80-90 миң сомдон кем эмес айлык алышат. Айлык акынын деңгээли Орусиядагы кирешеге жакындап калды», — деди министр.

Жээнбек Кулубаев миграция дүйнөлүк процесс экенин белгилеп, кыргызстандыктар өз өлкөсүндө, үй-бүлөсүнүн жанында эмгектенсе коопсуз жана пайдалуу болорун айтты.

«Бул жерде ипотека алып, өз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк бар», — деди ал.

Министр ошондой эле Нарын–Ысык-Көл темир жолунун курулушунда учурда Пакистан, Бангладеш жана Кытайдын жарандары иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү адистер жетишсиз болгондуктан, айрым иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга аргасыз болууда.

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X