Жээнбек Кулубаев Мака Бочоришвили менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156

2026-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Премьер-министринин орун басары жана Тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту.

Жолугушуу Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулап, саясий диалогду тереңдетүүнүн жана эки тараптуу өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдө ошол эле күнү Бишкекте өткөн Кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи жыйынынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Анда соода, транспорт, туризм жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралып, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мака Бочоришвили кыргыз тарапты Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдөгү Кыргызстандын тажрыйбасына кызыгуу бар экенин билдирди.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев грузин делегациясын 2027-жылдын октябрь айында өтө турган Экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана бардык деңгээлдерде активдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X