Жээнбек Кулубаев Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна барды

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23

7-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна барды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана консулдуктун кызматкерлери катышты.

Сапардын жүрүшүндө министр консулдуктун имаратында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун имаратында мекеменин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйында министр консулдуктун негизги милдети Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал консулдук мекемелер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанга инвестиция тартуу багытында жигердүү иш алып баруусу маанилүү экенин баса белгиледи.

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X