Жээнбек Кулубаев Улуу Британияга иш сапары менен барат

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

2026-жылдын 25–26-февралында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британияга иш сапары менен барат. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.

Сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик иштери жана өнүгүү боюнча мамлекеттик катчысы Иветт Купер менен жолугат. Ошондой эле финансылык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт.

Мындан тышкары, министр Кыргыз-Британ ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Маалыматка ылайык, жолугушууларда саясий кызматташтык, соода-экономикалык алакалар, инвестиция тартуу жана аймактык маселелер талкууланат.

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X