Жээнбек Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы менен жолукту

15-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

Бүгүн, Бишкек шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык кырдаалдын учурдагы абалын жана Уюмдун жоопкерчилик аймагындагы коопсуздук маселелеринин өнүгүшүн талкуулашты. Башкы катчы заманбап чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон механизмдери тууралуу маалымат берип, алдыдагы иш-чараларга өзгөчө көңүл бурду.

Атап айтканда, 2026-жылдын июнь айында Казан шаарында өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери каралды. Ошондой эле Секретариаттын учурдагы ишмердүүлүгү жана жыл ичинде пландалган иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, тараптар ШКУ, КМШ жана БУУ сыяктуу эл аралык жана регионалдык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

15-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X