Кыргызстанда жеке медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. УКМКдан билдиришкендей, мындай чечим менчик медициналык мекемелердин катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды.
Натыйжада, томографиялык изилдөөлөрдүн бардык түрүнүн баасын 20%га чейин түшүрүү макулдашылды.
УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.