Жеке мектептердеги окуу акысын ким белгилейт? Министрлик жооп берди
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт жана түздөн-түз жөнгө салбайт.
Министрликтин маалыматына ылайык, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын наркын билим берүү уюму өзү аныктайт.
Мектептеги окуу акысынын өлчөмү, төлөө тартиби жана башка шарттар билим берүү уюму менен ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлөт.
Ал эми бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын компетенциясына кирет. Бирок колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жеке менчик мектептер көрсөткөн билим берүү кызматтарынын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.
Мамлекеттик мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүү мыйзамда белгиленген тартипте акысыз жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда баланы жеке менчик билим берүү уюмуна берүү — ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн тандоосу.
Башкача айтканда, жеке менчик мектептеги окуу акысы мамлекет тарабынан белгиленбейт. Анын өлчөмү мектеп менен ата-эненин ортосундагы келишимдин негизинде аныкталат.