Жеке ветеринарлар мамлекеттик кызматка өтөт. Кирешеси 100 миң сомго чейин болот
Кыргызстанда жеке ветеринарларды мамлекеттик системага тартуу сунушталууда. Ардагер ветеринар Жалил Алымкуловдун пикиринде, бул адистердин эмгегин колдоп, айыл жергесинде ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатууга жол ачат.
Анын айтымында, ветеринарлар малдын саламаттыгын сактоодо, жугуштуу оорулардын алдын алууда жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойношот. Ошондуктан алардын эмгек шартын жакшыртып, туруктуу айлык жана социалдык кепилдик берүү зарыл.
Бул багытта мамлекет «Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүүнү пландоодо. Алгачкы этапта ишканага 1,5 миңге жакын жеке ветеринарды тартуу каралган.
Адистер мал эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык тапшырмаларды аткарат. Тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарган ветеринарларга туруктуу айлык төлөнөт.
Алдын ала маалымат боюнча, ветеринарлардын негизги айлыгы 30–40 миң сомдун тегерегинде болот. Мындан тышкары, иштин жыйынтыгына жараша бонустар берилип, жалпы киреше 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
Ошол эле учурда ветеринарлар жарандарга мал дарылоо, операция жасоо жана башка жеке кызматтарды көрсөтүп, кошумча киреше таба алышат.
Учурда «Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтомдун долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылууда. Ишкананы толук кандуу ишке киргизүү 2027-жылдын башына пландалууда.