Жеңилдетилген насыя ишкердин мөмө-жемиш кампасын ишке киргизди

27-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 184

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жеңилдетилген насыя алган ишкердин мөмө-жемиш сактоочу кампасы толук кандуу ишке кирди.

«Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун адистери насыя алган ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп, жеке ишкер Атакулова Тунук айымдын мөмө-жемиш сактоочу кампасынын иши менен таанышты.

Ишкер долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алып, заманбап муздаткыч жабдууларын сатып алган. Бүгүнкү күндө жабдуулар толук орнотулуп, кампа сезондук ишин ийгиликтүү жүргүзүп жатат.Возможно, это изображение склад лесоматериалов

Учурда Тунук айым жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн кара өрүктү активдүү сатып алып, аны сапаттуу сактоого жана коңшу өлкөлөргө экспорттоого даярдоодо.

Ишкердин айтымында, жеңилдетилген насыянын өз убагында берилиши жабдууларды сезон башталганга чейин сатып алып, кампаны толук ишке киргизүүгө шарт түзгөн.

Мониторинг учурунда долбоордун адистери насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын жана сатып алынган жабдуулардын иштөө абалын текшеришти.

Мындай колдоо айыл чарба продукциясын сапаттуу сактоого, түшүмдүн жоготууларын азайтууга жана жергиликтүү фермерлердин продукциясын сатуу менен экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жол ачууда.

Жеңилдетилген насыя — өндүрүштү күчөтүп, жергиликтүү продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган реалдуу колдоо.

27-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 184
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X