Талас облустук ички иштер башкармалыгы Жерүй алтын кенинде 18 адамдын тамакка уулангандыгы тууралуу маалыматты иликтей баштады. Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы 22-мартта бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түшүндүрмө таратты. 20-мартта компаниянын медициналык кызматкерлерине ден-соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип 15 адам кайрылган. Алардан анализдер алынып Таластын санэпидстанциясына жөнөтүлгөн. «Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде белгилүү болот. Биздин компания ички иликтөө ишин баштаган. Бүгүнкү күндө кайрылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.