Жер астынан табылган бала мамонттун өлүгү изилденип жатат
Якутсктагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин мамонттор музейинде орусиялык жана башка чет өлкөдөн келген окумуштуулар Ян атту бала мамонттун өлүгүн ачып, изилдөө жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.
Мамонттун кичинекей баласы Ян 2024-жылдын 23-декабрында Верхоянск районундагы Батагай айылында 40 метр тереңдиктен табылган.
Сүрөт nauka.tass.ru сайтынан алынды
ТАСС агенттиги буга чейин майдаланган калдыктарды эсепке албаганда дүйнө боюнча алты гана мамонт табылганын жана бала мамонт Ян жетинчи экендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, анын турганына 50 миң жылдан ашса да, денеси абдан жакшы сакталган.