Жер көчкү коркунучу күч алууда. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 124

Өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштар жер көчкү коркунучу бар аймактарда жайгашкандыктан, жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырышат.

Адистердин маалыматына ылайык, жер көчкүлөр негизинен узакка созулган жаан-чачындын, кардын интенсивдүү эришинин жана сейсмикалык термелүүлөрдүн натыйжасында пайда болот. Мындай табигый кырсык адам өмүрүнө жана мүлкүнө олуттуу коркунуч жаратып, олуттуу материалдык чыгымдарга алып келиши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу жер көчкү коркунучу бар аймактарда мал жаюуга, айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жана кооптуу тилкелерде жүрүүгө тыюу салынат.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы кооптуу аймактарда жашаган тургундарды расмий эскертүүлөргө көңүл буруп, министрлик жана жергиликтүү бийлик тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү так аткарууга чакырат. Зарыл болгон учурда коопсуз жайларга өз убагында көчүү сунушталат.

Адистер белгилегендей, коопсуздук эрежелерин сактоо жана алдын алуу чараларын көрүү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтууда маанилүү роль ойнойт. Жарандардан өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу өтүнүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X