Жер көчкү коркунучун азайтуу үчүн өлкөдө 27 долбоор ишке ашырылууда

18-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 151

Жазында кардын эриши, жаан-чачындын көбөйүшү, ал эми күзүндө нөшөрлүү жаан-чачын жер көчкүнүн активдешүү коркунучун күчөтөт. Ушуга байланыштуу республика боюнча жер көчкү коркунучун азайтууга багытталган 27 долбоор ишке ашырылууда. Учурда анын ичинен 5 объектте иштер кызуу жүрүп жатат.

Ош облусундагы Биймырза долбоорунун алкагында тоо боорунун этегине коргоочу дамба курулуп, иш толугу менен аяктады. Натыйжада 13 турак үй көчкү коркунучунан корголду.

Ал эми Чакмак долбоорунун алкагында Алай районунун Гүлчө шаары, Кыркөл айылы жана Чакмак тилкесинде коргоочу дамба курулуп бүттү. Учурда объектти жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү иштери жүрүүдө.

Өзгөн районунун Какыр айылында 24 турак үйдү коргоо үчүн тоо боорун түшүрүү жана террассалоо иштери аткарылууда. Долбоор 2025-жылы башталган жана 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Коммунист долбоорунда Мырза-Аке айылындагы туруксуз тоо боорунда кооптуу массаны жарым-жартылай түшүрүү иштери жүрүп жатат. Долбоорду 2027-жылдын биринчи кварталында бүтүрүү каралган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Шадыбек-Булак долбоору дээрлик аяктады. Авлетим айылындагы туруксуз тоо боорунун массасын түшүрүү иштери бүткөрүлүп, учурда жерди рекультивациялоо жана объектти жергиликтүү администрацияга өткөрүп берүү иштери калды.

Мындан тышкары, Кең-Жылга долбоорунда жер алдындагы сууларды коопсуз нукка буруу үчүн жабык француз дренаж системасы курулат. Бул ыкма тоо боорунун туруксуздугун азайтып, жер көчкүнүн жылышын алдын алууга багытталган.

Жалпысынан долбоорлор ишке ашкандан кийин 276 турак үй, 1380 жаран, 8 социалдык объект жана 12 чакырым жол жер көчкү коркунучунан корголот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарды сак болууга, расмий эскертүүлөрдү так сактоого жана кооптуу кырдаал жаралганда коопсуз жайга өз убагында көчүүгө чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X