Жер мунапысын алууга укуктуу жарандардын тизмеси жарыяланды

30-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык, жер мунапысын берүү боюнча иштер этап-этабы менен улантылып жатат.

Анын алкагында Ленин району боюнча документтерин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык толук тапшырган жарандардын тизмеси даяр болуп, коомчулукка жарыяланды.

Тизмеге жер мунапысын алуу үчүн зарыл болгон документтердин толук топтомун тапшырган жарандар киргизилген. Жарандар өздөрүнүн маалыматтарын тиркелген тизмеден текшере алышат.

Белгилей кетсек, жер мунапысын берүү боюнча иштер мыйзам талаптарына ылайык улантылып, документтерди кабыл алуу жана кароо процесси жүрүүдө. Документтерин толук тапшырган жарандардын тизмеси алардын кароо жыйынтыгына жараша мезгил-мезгили менен жарыяланып  турат.  Тизме.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X