Жер планетасында адам өздөштүрө элек 5 жер
Намибия
Африканын аймагындагы өлкөнүн аянты Түркия, Украинадан да чоң. Албетте, бул чөлкөмдө эл жашайт. Бирок, Намибия айыл чарбасы же башка тармакта такыр өздөштүрүлө элек. Анткени чөлкөмдө эч жамгыр жаабайт. Жаратылышы жапайы. Намибия Намиб, Калахари деген эки чөлдөн турат. Анын топурагына айыл чарба өсүмдүктөрү такыр өспөйт. 2500 уникалдуу чөл өсүмдүктөрү гана өсүп, гепарддар жашайт. Азыр окумуштуулар буйруса бул жерлерге да адамдын колу жетип, үйлөр курулуп, өздөштүрүлө баштайт ,-деген пикирди айтышууда. Анткени аймактан алтындын кору табылган.
Сюртсей аралы
Бул алар дүйнөдөгү эң жаш арал. Ал Вулкандын аталышынан улам пайда болгон. Исландияда жайгашкан бул аралды окумуштуулар изилдегиси келгени менен ал жакка кирүүгө тыюу салынган. Андыктан көп сүрөттөр абадан тартылат. Исландия бийлиги айрым учурларда гана окумуштууларга уруксат беришет. Алар аралдын жаратылышына зыян тийгизбей гана иштеше алат.
Гренланд муз калкасы
Гренландиянын 80 пайызын ээлеп жаткан муз калкалардын жашы 1000 жылдан ашты. Муздун калыңдыгы эле 2 километр экендиги аныкталган. Бул жердин климаты катаал болгондуктан ага эл келе бербейт. Окумуштуулар бул жер акырындык менен өздөштүрүлө баштаарын айтышат. Анткени муздар акырындык менен ээрий баштаган.
Сентинель аралы
Формалдуу түрдө бул жерде уруулар жашайт. Алар өтө агрессивдүү келишет деп айтылат. Андыктан алар эч кимди аралга киргизишпейт. 2018-жылы алар аралга кирем деген америкалык миссионерди өлтүрүшкөндүгү кабарланган. Арал Индияда жайгашкан жана ага жакындоого болбойт.
Джавари өрөөнү
Бул аралга да башкаларды киргизбеген уруулар өтө агрессивдүү. Өрөөн Баризиялияда жайгашкан. 14 уруу жашайт. Алардын саны 2 миңге жетет дешет. Браизилиянын бийлиги аралды тартип сакчылардын жардамы менен кайтарып турат.