Жогорку сотто жер мамилелерине байланышкан талаштарды кароодогу көйгөйлөр жана соттук практиканы жакшыртуу жолдору талкууланды.
«Жер мамилелери чөйрөсүндө административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда келип чыккан көйгөйлүү маселелер» аттуу тегерек столду Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы уюштурду.
Иш-чарага Жогорку соттун судьялары, Президенттин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Башкы прокуратуранын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жогорку соттун Төрагасынын орун басары, административдик иштер боюнча соттук коллегиянын төрайымы Нургуль Бакированын маалыматына караганда, 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарымында административдик сотторго 9 миң 328 доо түшкөн. Анын 5 миң 950сү же 63,79%ы жер маселелерине байланыштуу болгон.
Бул аралыкта 8 миң 825 иш аяктап, анын 5 миң 523ү жер талаштарына тиешелүү болгон.
Каралып бүткөн жер талаштарынын 1 миң 844ү апелляциялык тартипте, 1 миң 66сы кассациялык тартипте даттанылган.
Тегерек столдо жер тилкелерин берүү жана алып коюу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине даттануу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 20 баяндама жасалып, судьялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү пикир алышты.
Жыйынтыгында жерди бөлүү жана каттоо процесстерин санариптештирүү, координаттары аныкталбаган жер тилкелерине укук берүүгө бөгөт коюу, соттордун кадастрдык маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштар айтылды.
Ошондой эле жер тилкесин берүүдө жана каттоодо мыйзамдуулукту алдын ала текшерүү, укук белгилөөчү документтерди толук кароо жана баш тартуу болгон учурда анын себептерин негиздүү көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.
Тегерек столдун соңунда жер талаштарын жөнгө салуу жана административдик сот өндүрүшүн өркүндөтүү боюнча сунуштар кабыл алынды.