"Эркин-Тоо"

Жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланууга берген УКМКнын кызматкери жана Бишкектин мурдагы вице-мэри кармалды

Мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскер прокуратурасы УКМКнын Бишкек шаарындагы райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. жана борбор калаанын мурдагы вице-мэри А.А.ны кармады. Алар Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланууга берүү фактысы боюнча айыпталууда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, А.А. жана А.Ж. Бишкек гарнизонунун абагына камакка алынды.
Аталган адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдар менен уюшуп Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан. Ушул тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы