Жер титирөөгө туруктуулук боюнча 90 объект текшерилди

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында өлкө аймагындагы 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берди.

Маалыматка ылайык, адистер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр объектилердин сейсмикалык туруктуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана колдонуудагы техникалык ченемдерге шайкештигин аныктоого багытталган.

Техникалык баалоо иштеринин жүрүшүндө социалдык инфраструктура объектилери менен катар ар кандай багыттагы имараттар да камтылды.

Институттун адистери учурдагы курулуштардын техникалык абалын текшерип, аларды мындан ары пайдалануу, реконструкциялоо же башка чараларды көрүү боюнча тиешелүү корутундуларды чыгарышат.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X