Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын волейбол мелдеши өтүүдө
Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу» волейбол боюнча республикалык мелдешинин финалдык этабы өтүп жатат.
Спорттук иш-чарага өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери катышууда. Жалпысынан 120га жакын катышуучу күч сынашууда.
Мелдештин расмий ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев катышып, спортчуларга куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
Мелдештин негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, командалык биримдикти чыңдоо жана аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөө.
Оюндар эки спорттук аянтчада өткөрүлүүдө. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командага башкы кубок тапшырылат. Ошондой эле байгелүү орундарды ээлеген командалар жана «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» номинацияларынын жеңүүчүлөрү сыйланат.
Белгилей кетсек, бул мелдеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында уюштурулууда.
Спорт – биримдиктин, ынтымактын жана командалык рухтун символу!