ЖЕТЕКЧИ ОРУНДАР НЕГЕ БОШ?
Нарын облусундагы 140 мектептин онунун жана 153 балдар бакчасынын 43үнүн директорлору жок. Мындай кадрдык кемтиктин өкүм сүргөнүнө бир топ убакыт болсо да, аларга жетекчилерди дайындоого агартуу министрлигиндегилер да, жергиликтүү бийлик башындагылар да анча кызыкдар эместей. Маселен, Нарын шаарындагы № 10 Жапар Чолпонбаев атындагы жалпыга билим берүү мектебине убактылуу жетекчилик вазийпасы окуу бөлүмүнүн башчысына жүктөлгөн. Бирок ансыз да иши чачтан көп бөлүм башчы анын баарысына үлгүрөөрү арсар. Андыктан, мындагылар атайын жарыяланган конкурстардын жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Анткен менен, мектеп директорлорун тандоодогу буга чейинки тажрыйбалар талапкерлердин билим деңгээлдеринин жана саясий ой жүгүртүүлөрүнүн ортодон төмөн деңгээлде экендигин айгинелеген. Андыктан сынакка катышышкандардын 40 пайыздайынан баш тартууга туура келген. Коюлган мындай талаптардын катаалдыгынанбы бүгүнкү күндө түйшүгү толтура мектептердин эки тизгин, бир чылбырларын колго алайын дешкендер аз.
Ал эми туруктуу жетекчинин жоктугу аз келгенсип, Нарын шаарындагы “Наристе-Нур” балдар бакчасындагылар жеке менчик үйлөрдө тарбияланышууда. Тиешелүү шарттарды түзүүгө аракеттер жасалганы менен, ушу тапта калаанын үч жерине чачылышкан жүз бөбөктүн телегейлери тегиз деп айтыш кыйын. Кырдаалдын минтип туңгуюк жарга кептелишине эскисинин бузулуп, жаңысынын курулушунун бүтпөй жаткандыгы себеп. Жалпы сметалык наркы 108 миллион сомдук бул обьктидеги жумуштар өткөн жылдын жаз айларында башталган. Бүгүнкүгө чейин биринчи кабатынын дубалдары гана көтөрүлгөн. Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Жакшылык уулунун айтымында, бүгүнкүгө бул сумманын 30 миллиондою өздөштүрүлгөн. Ошол эле учурда Нарын шаарында жыл ичинде чагылгандай тездик менен Нарын облустук, шаардык, райондук прокуратураларынын үч имараттарынын курулуштары бүткөрүлгөн. Мына ушундай сергек мамиле балким билим берүү жана балдар мекемелерине жасалганында, жогорудагыдай зээн кейитээрлик көрүнүш өкүм сүрмөк эмес.
Бөлөкбай ШЕРИМБЕКОВ,
Нарын шаары