Жетекчилер үчүн жаңы сынак. Отчет эмес, элдин пикири чечүүчү болот

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 203

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын жарандар менен иштөө натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, мындан ары мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишмердүүлүгү расмий отчеттор менен гана эмес, түздөн-түз калктын берген баасы жана жарандардын кайрылуулары аркылуу да бааланат.

Бул тууралуу Эсенбек Тогонбаев “Спутник Кыргызстан” агенттигине берген маегинде билдирип, жаңы система мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту күчөтөрүн белгиледи.

Анын айтымында, санарип доор шартында маалыматты жашыруу же кагаз жүзүндөгү отчеттор менен гана чектелүү мүмкүн эмес. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу да көйгөйлөр тез чыгып жаткандыктан, элдин пикири негизги көрсөткүчкө айланууда.

«Ар бир жетекчи элге жеринде кызмат кылып, көйгөйлөрдү түз жеринен билиши керек. Азыр социалдык тармактар аркылуу орчундуу маселелер тез көтөрүлүп жатат, ошондуктан элдин пикири негизги баалоо критерийи болот», — деди ал.

Расмий маалыматка ылайык, жаңы механизм мамлекеттик органдардын жарандар менен иштөө сапатын жогорулатууга, көйгөйлөрдү ыкчам аныктоого жана санарип технологиялар аркылуу ачык-айкын башкарууну камсыз кылууга багытталган.

11-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 203
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X