Жетекчилер ЖМК алдында. “Ачык кабинет” жумалыгы башталды

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы мамлекеттик башкаруудагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун ишке ашырылышын улантууда.

Долбоордун алкагында 2026-жылдын 1–5-июну аралыгында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык форматта иш алып барышат.

Бул жуманын графигине ылайык, 1-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ош облусуна иш сапары менен барып, күндү аймактагы объекттерди көрүү жана журналисттер катышкан жолугушуулар менен өткөрөт.

3-июнда Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ЖМК өкүлдөрү менен тыгыз иш форматында иштеп, күнүн эртең мененки радио эфирден баштап, күн бою интервьюлар жана маалыматтык жолугушуулар менен улантат.

5-июнда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев журналисттер үчүн “ачык эшиктер күнүн” өткөрөт. Бул иш-чарада ЖМК өкүлдөрүнө шаардын ички башкаруу процесстери менен таанышууга жана актуалдуу маселелер боюнча суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Мындан тышкары, буга чейин “Ачык кабинет” форматында бир катар жогорку кызматтагы жетекчилер өз иш күндөрүн ЖМК үчүн ачык өткөрүшкөн. Алардын катарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, биринчи орун басар Данияр Амангелдиев, ошондой эле бир катар министрлер жана шаар жетекчилери бар.

Долбоор мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун күчөтүү жана коом менен түз диалогду кеңейтүү максатын көздөйт.

ЖМК өкүлдөрү бул жумалык иш-чараларга активдүү катышууга чакырылат.

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X