Жети-Өгүздө 13 жаштагы турист кыз сууга агып, каза тапты

11-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кырсык 31

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районуна эс алууга бир туугандары менен Бириккен Араб Эмирлигинен келген 13 жаштагы Хулуб Мухаммед, 8-август күнү, Жети-Өгүз суусуна колун жууйм деп барып, сууга агып кеткен. Кыздын сөөгүн жергиликтүүлөр суудан алып чыгышкан.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой каза тапкан турист кыз менен бирге Кыргызстанга сегиз киши келген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X