Жети айда 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

10-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 110

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Алардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан келген — 351 адам. Өзбекстандан 16, Кытайдан 10, Орусиядан 5, Ооганстандан 1 жана башка өлкөлөрдөн 4 адам кайрылман статусун алган.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны Кыргызстандын жарандыгын алган.

Кайрылман статусу үч жылга берилет. Бул макамга ээ болгондор социалдык кепилдиктерден пайдаланууга, медициналык жардам алууга, билим алууга жана өлкөдө эмгектенүүгө укуктуу. Ушул мөөнөт ичинде алар Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз бериши керек.

10-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X