Жети-Өгүздө көчмө кабыл алуу өтүп, тургундардын көйгөйлөрү жеринде каралды
Кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин №181 Жарлыгынын негизинде өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева катышты.
Тургундар турак жай жана жер маселелерин, социалдык көйгөйлөрдү, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарын билдиришти.
Ар бир кайрылуу боюнча маселени чечүүнүн жолдору талкууланып, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү бийлик органдарына жарандардын маселелерин мыйзам чегинде карап, жыйынтыгы боюнча чара көрүү тапшырылды.